"Кыргызфильмдин" мурдагы директору "кызматынан пайдаланып, 20 миң долларды өз эсебине өткөрдү" деп шектелүүдө. Бул тууралуу 2-июнда УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин жүрүшүндө Улуттук "Кыргызфильм" киностудиясынын мурдагы директору К.Т. аттуу жарандын акча каражаттарын өз эсебине мыйзамсыз өткөрүп алгандыгы жөнүндө фактылар пайда болгон.
Киностудияда бюджеттин эсебинен 300 миң сомго "Жымжырт" кыска метраждуу тасмасынын тартылганы маалым болгон. Эл аралык фестивалга көрсөтүлгөн тасмага 20 миң доллар өлчөмүндө акчалай сыйлык берилген. Бирок К.Т. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, аталган акчаны өздүк эсебине өткөрүп алган. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.