«Дени сак улут - өнүккөн өлкө» урааны алдындагы республикалык мелдеште Ысык-Көл облусунун командасы 1-орунду ээледи

Кечээ, 2-июнда Ысык-Көл облусунда «Дени сак улут - өнүккөн өлкө» деген ураан алдында өткөн республикалык мелдеш жыйынтыкталып, Ысык-Көл облусунун командасы жалпы командалык эсепте 1-орунду алды. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.  

Маалыматка ылайык, бир аптага созулган спорттук мелдешке республиканын бардык облустарынан жалпысынан 500дөн ашык спортчу катышты. Мелдеш спорттун футбол, жеңил атлетика, ордо, тогуз коргоол, волейбол түрлөрү боюнча өттү. Командалык эсепте 2-орунду Ош облусу ээлесе, 3-орунга Чүй облусунун командасы татыды.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zika
2014-06-03 12:01:33
Ош алга,силер ар дайым биринчи!!!!!!!!!!!!!!
0
SHATY
2014-06-03 16:17:35
Ысык-Көл негизи эле кыйын. Момун эл! Кучтуу эл!
+1
samar55
2014-06-03 19:37:08
Спортчуларга алкыш жана уюштуручууларга рахмат айтуу менен облуска болунбой баардыгыздын женишибиз деп кабыл алышыбыз керек... Мен чын журоктон колдойм бул иш чараны дагы да онуго бер КЫРГЫЗСТАНЫМ.
0
nurkasym-2014
2014-06-04 22:33:52
Бул жерде жалпы Кыргызстандын айыл окмоттору арасында болгон мелдеш.Олко бойунча айыл окмоттордон келген командалар катышты. Мелдеш эн жогорку денгеелде болду.Мелдеш ынтымактын,ден_соолуктун символу болду.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан