“Курманбек Бакиев президент болгон маалдан бери мелдешке катыша турган велосипедим жаңыра элек”,- деди Казакстанда өткөн Азия чемпиондугунда күмүш медаль уткан кыргызстандык веложарышчы Евгений Ваккер бүгүн, 3-июнда өткөн маалымат жыйынында.
Анын айтымында, заман өнүккөн сайын велоспортто техниканын (велосипеддин) мааниси жогорулап баратат. “Спортто башкысы каалоо болуш керек. Андан тышкары баасы 10 миң еврону түзгөн жогорку сапаттагы велосипед керек. Жыл соңунда өтүүчү Азия оюндарында медаль алууну кааласак, техника жагын кошо ойлонуш керек”,- деп кошумчалады ал.