Бүгүн, 3-июнда болуп өткөн маалымат жыйынында Евгений Ваккердин машыктыруучусу Эркен Акрамов өзүнүн шакиртине ыраазы экенин билдирди.
Болуп өткөн Азия биринчилиги тууралуу да ой бөлүшүп, бул жетишкендик машыгуу сборунун натыйжасы экенин айтуу менен шакиртине ыраазы экенин билдирди. "Акыркы 20 жылда Евгений өзүнүн жашына карабай Кыргызстандын намысын коргоп келди. Бул убакыт аралыгында көп ийгиликтерге жетишти. Казакстандыктар башта аны өзүлөрүнүн курамына кошууну каалашкан. Бирок алар Евгенийдин мекенчил экенин билип, акыры сунуш киргизүүнү токтотушту",- деди ал.
Андан тышкары ал Е.Ваккердин 2 жылдан кийин Рио-де-Жанейродо боло турган Олимпиада оюндарына катышуу тилеги бар экенин жана азырынча карьерасын жыйынтыктоо үчүн ойлоно электигин кошумчалап өттү.