Алыш күрөшү боюнча өткөн Азия чемпиондугунда Кыргызстан 17 мамлекеттин ичинен 3-орунду ээледи

Иранда жыйынтыкталган алыш күрөшү боюнча Азия чемпиондугунда командалык эсепте Кыргызстан 17 мамлекеттин ичинен 3-орунду ээледи. Мекендештерибиз 1 коло, 5 күмүш жана 1 алтын медаль утушкан. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда курама команданын башкы машыктыруучусу Кабыл Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, 1-орунду Түркмөнстандын спортчулары ээлешсе, 2-орун мелдешке 4 команда катыштырган үй ээси Иранга тийди. 

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын эсебиндеги алтынды абсолюттук салмак категориясында (100 килограммдан жогору) Нурбек Аканов багындырды. Канимет Барпыбеков 100 килограмм салмакта коло тагынса, Мырзабек Кочкоров (70 кг), Руслан Табалдиев (80 кг) жана Сабыржан уулу Акматжан (100 килограммдан жогорку салмак) күмүш тагынышты. Кыз-келиндер арасында болсо Эльза Абдыкадырова (52 кг) менен Бүбүсайра Абдыманап кызы (66 кг) финалда жеңилип, күмүш тагынышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bekos2012
2014-06-03 15:14:04
Азаматсынар кыргыз балбандар...
+1
Danel
2014-06-03 15:44:14
Ушулардын видеосун корсок кана элеее..
+1
mamashov-emil
2014-06-03 20:56:11
biz bul sport turu boiuncha 1 metany alsak dagy bolot ele sebebi bul sporttun turu kyrgyzstanga taandyk mamleket sport tarmagyna jakshi bolbogondon ulam ushundai jyiyntyk bolup atat ushul jagynada shugur deibiz aila jok bizde talanttuu balbandar adamdar kop bir gana mamleket tarabynan jakshi konul bursa duinoluk birinchilikterden jakshi orundardy alyshat, anan dagy sport degen telekanal achsa any kyrgyzstan boiuncha korup ushundai iygilikterdi jaratkandardy jashtar korup sportko kygyshat
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан