Бүгүн, 4-июнда Оштогу А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда футбол боюнча Кыргызстандын ТОП-Лигасынын экинчи айлампасынын алгачкы оюндары өтөт. Анда “Алай” жана “Нефтичи” командалары беттешет. Футболдук беттештин жүрүшүндө 2013-жылы өлкө чемпиону болгон "Алай" клубунун 28 оюнчусуна ТОП-Лиганын алтын медалдары тапшырылат.