Владимир жана Виталий Кличколор Киевдеги музейге рингде кийилүүчү чолок шымдарын беришти

Киевдеги "Олимпийский" спортттук комплексинде бир тууган мушкерлер Владимир жана Виталий Кличколорго арналып көргөзмө-музей ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда украиналык маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, эки мушкер көргөзмө-музейдин уюштуруучуларына чемпиондук курларын, халаттарын жана рингде кийилүүчү чолок шымдарын, жалпысынан 70 экспонат тапшырышты.  

Булардан сырткары 25-майда Киевдин мэри болуп шайланган Виталий Кличко Украинанын Баатыры жылдызын жана Мамлекеттик орденин, ал эми Владимир болсо 1996-жылы Атланта оюндарында уткан олимпиадалык алтын медалын аталган музейге берди.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан