Кечээ, 3-июнда Перунун Лима шаарындагы абактардын биринде футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алды. Анын 13-июнда Бразилияда старт ала турган Дүйнө чемпиондугунан айырмасы - абакта жаза мөөнөтүн өткөрүп жаткандар арасында уюшулганы. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2 апта бою өтө турган мелдешке 300гө чукул абактагы футболчулар катышууда. Бул мелдеш абактагылар арасында сергек жашоо образын калыптандыруу жана жайылтуу максатында уюшулуп жатат.