Бельгияда көркөм гимнастика боюнча өткөн мелдеште кыргыз спортчулары 4 медаль тагынып кайтышты

2014-жылдын 31-майынан 1-июнуна чейин Бельгиянын Мюнсбаш шаарында жаштар арасында көркөм гимнастика боюнча мелдеш өттү. Ага Кыргызстандагы республикалык "Жаштык" спорттук ден соолукту чыңдоо борборунун тарбиялануучулары катышышты.

Эл аралык мелдешке Бельгия, Германия, Люксембург, Франция, Нидерланды, Италия, Испания өңдүү өлкөлөрдүн спортчулары катышып, жыйынтыгында кыргыз көркөм гимнасты 2007-жылы туулган Полякова Александра 1-орунду ээледи. Хабарова Анастасия мелдеште алкак (обруч) менен катышып 3-орунду, Ашимова Сауле топ менен катышып 3-орунду ээлесе, Мякшева Регина тасма менен жүргөн жарышта 3-орунга татыктуу болгон.

Бул тууралуу 4-июнда ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан