Евгений Ваккердин машыктыруучусу: “Мамлекет велоспортко шарт түзүп берчү абалда эмес”

“Мамлекет велоспорт менен машыкчуларга өлкө аймагында шарт түзүп берчү абалда эмес” деди кечээ, 3-июнда өткөн маалымат жыйынында Азиянын 2014-жылдагы вице-чемпиону Евгений Ваккердин машыктыруучусу Эркен Акрамов.  

Анын айтымында, Кыргызстанда велоспорт менен спорт сүйүүчүсү катары гана машыккандар бар. Евгений Ваккерден башка кыргызстандык веложарышчынын эл аралык мелдешке катышып, жыйынтык көрсөтүүсү үчүн кем дегенде 7-10 жыл керек. Андан тышкары спортчу күнүнө 180 чакырым аралыкты басып өтүшү керек болгондуктан, атайын трасса керек. Машыктыруучу болсо шакиртин 180 чакырым аралык бою унаа менен коштоп жүрүүгө тийиш. “Биз ошол себептүү машыгуу сборлорун, машыгууларды көбүнчө чет өлкөдө өткөрөбүз” деди ал.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан