Ош облустук ИИБинин кызматкерлери баңгизаты менен алектенип жүргөн 3 адамды тузакка илди

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, 7-12-январга чейинки аралыкта Ош облустук ИИБинин кызматкерлери атайын жүргүзүлгөн рейд учурунда баңгизаты менен алектенип жүргөн 3 адамды колго түшүрүштү. 

Маалыматка ылайык, 7-январда Ош облусундагы ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну, 1948-жылы төрөлгөн М.А. аттуу жаран 6 килограмм 656 грамм баңгизаты менен кармалса, 11-январда ушул эле облустун Чоң-Арык айылынын жашоочусу, 1978-жылы туулган жаран 1 килограмм 175 грамм баңгизаты менен кармалган.

Ал эми 12-январда иликтөө тобунун аракети менен Өзгөн шаарынын бир тургуну 2 килограмм баңгизаты менен колго түштү.

Учурда бул фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан