Дүйшөмбүдө Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин Кубогу үчүн элчиликтер арасында өткөн футбол боюнча мелдеш
3-июнь күнү жыйынтыкталды. Бул тууралуу 5-июнда КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.Мелдештин максаты - жашоонун сергек мүнөзүн даңазалоо, Тажикстандагы футболду өнүктүрүүгө салым кошуу жана Дүйшөмбү шаарындагы дипломатиялык корпустардын достугун бекемдөө.
Кубок үчүн Кыргызстан, Япония, Иран, Түркия, Азербайжан, Түркмөнстан, Катар,
Сауд Арабия өлкөлөрүнүн элчиликтери, БУУ, Эл аралык кызматташтык боюнча Германия коомчулугу жана Тажикстандын ТИМинин командалары ат салышкан. Жыйынтыгында Тажикстандын курама командасы 1-орунга, Кыргызстандын элчилиги 2-орунга ээ болду.