Орусиялык спортчу Юлия Липницкаяга экинчи батирди белек кылышты

Кечээ, 5-июнда орусиялык жаш спортчу, Сочи Олимпиадасында командалык жарышта чемпиондукка жетишкен Юлия Липницкая 16 жашын белгиледи. Бул күнү 800 метр бийиктикте жүргөн Николай аттуу парашютчу күйөрманы ага өзгөчө куттуктоо жолдоду. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, куттуктоодо "Асмандан сага салам! Туулган күнүң менен! Мен сенин Москвада болгон шоу-кечеңе барып, өнөрүңө күбө болгом. Ошондогу сага гүлдесте берген көз ирмемим дагы да болсо көз алдымда турат. Питерде да болгом. Бирок анда мен сага сүйүүмдү билдире албай калгам. Сага жолугуп, автограф алып, чогуу сүрөткө түшкүм келет. Дагы бир жолу туулган күнүң менен! Сага жетишкендик, ден соолук каалайм. Алдыдагы сынактарыңды ийгиликтүү тапшырып алышыңа тилектешмин" деп жазылат. 
Юлия туулган күнүндө куттуктоо сөздөрүн гана эмес, Москва шаарындагы "Рассказово" турак жай комплексинен 2 бөлмөлүү, аянты 70 чарчы метр батирлүү болду. Бул батирди шаардагы курулуш компанияларынын бири белек кылды. Маалыматка ылайык, Юлиянын апасы бул турак жай комплексине батир алуу үчүн барган. Анын жаш спортчу Юлия Липницкаянын апасы экенин билген жетекчилик ага батирди белекке берүүнү чечкен. 
Ал эми Юлияга биринчи батирин 2014-жылдын апрель айынын аягында Москва шаардык турак жай департаменти белек кылган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
zezim2000
2014-06-06 09:51:48
жаш спортчуларынын таланттарын баалагандыры кандай жакшы.кана эми биздин олкодо да колдоо корсотулсо жаштарыбыздын спортко болгон кызыгуусу дагы да которулмок.
+4
sara90
2014-06-06 10:19:51
Buzdin da chondor uwundai jaw sportchylArybyzdy kozdoruno ilip bir az bolso da koldop koiuwsa konul kotolrulup kalat ele ozdorunun ele tamagyna juta berbesten...
0
aika1405
2014-06-06 12:08:21
Биз качан онугуп жетишебиз,200 жылда да козум жетпей калды.
+1
baiyshvip
2014-06-06 12:30:15
Онугуп эле жатбайлыбы шугур десен болот Мамлекетибиз бар экенине
-2
aikol87
2014-06-06 15:49:14
Биздикилер колдомуш болуп бир эки жардам берет да, учунчусундо токолдука алып алышат.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан