Бүгүн, 5-июнда белгилүү балбан, Азиянын 2 жолку чемпиону Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдештин расмий ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземинде даңазалуу балбандын апасы, жакындары, машыктыруучулары жана жакын санаалаштары сөз сүйлөштү. Андан тышкары 8 мамлекеттин спортчулары катышып жаткан мелдештин ачылышы ыр-бийдин коштоосунда өттү.
Эске салсак, Р.Санатбаевди эскерүүгө жана грек-рим күрөшүн жайылтууга багытталган мелдеш 8 салмак категориясында өтөт (59 килограмм салмакта, 66 кг, 71 кг, 75 кг, 80 кг, 85 кг, 98 кг, 130 кг).