15-июнда Казакстандын Астана шаарында эр эңиш боюнча Азия чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу казакстандык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Азиянын Ачык биринчилигине мелдешке Ооганстан, Азербайжан, Венгрия, Кыргызстан, Кытай, Монголия, Түркия, Тажикстан, Өзбекстан, Орусия жана Алтай Республикасынын курама командалары катышмакчы. Мелдештин жүрүшүндө балбан билек спортчулар өз түрдүү салмак категорияларында күч сынашмакчы.