7-июнда Ошто жана Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын Кубогунун жарым финалдык беттештери орун алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын расмий сайты маалымдады.
Маалыматка ылайык, жарым финалдык беттештердин алгачкы оюндарынын алкагында Ош шаарында жергиликтүү “Алай” футболдук клубу канттык “Абдыш-Атаны” кабыл алат. Ал эми Бишкекте “Дордой” клубу “Алга” менен кез келет.
Жарым финалдык оюндардын сааттары:
Ош шаары. А.Сүйүнбаев атындагы стадион.
“Алай” – “Абдыш-Ата”. Башталышы: 17:30
Бишкек. “Дордой” спорт-комплекси.
“Дордой” – “Алга”. Башталышы: 18:00
Кошумчалай кетсек, бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 12-июнда өтөт.