Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыштын бети азырынча ачыла элек. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан бүгүн, 6-июнда билдирилди.
“Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кылмыштын бети ачыла элек. Иш азыр мыкты кызматкерлер тарабынан иликтенип жатат. Аталган кылмыш ишинде шектүүлөрдүн да көп болуп жаткандыгы ишти созуп жатат. Дагы аткарыла турган иштер бар”,- деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматынын жетекчиси Жоробай Абдураимов SUPER.KG порталына.
Эске салсак, Камила Дүйшөбаева 10-мартта Бишкектин Достук кичи районундагы үйүнөн курбуларына жолугуу үчүн Абдрахманов-Киев көчөлөрүнүн кесилиши тарапка жөнөп кеткен боюнча дайынсыз болгон. Курбулары чалганда аз убакыттын ичинде жолугушуу белгиленген жерге жетип барарын айткан. Бирок белгиленген жерге жеткен эмес. 6 күндөн кийин анын жансыз денеси Байтик айылындагы мүрзөдөн алыс эмес жерден табылган.