Бишкекте эркин күрөш боюнча Кааба уулу Кожомкулдун элесине арналган эл аралык мелдеш өтөт

Бүгүн, 6-июнда Бишкекте эркин күрөш боюнча Кааба уулу Кожомкулдун элесине арналган эл аралык мелдеш башталат. 8-июнда жыйынтыктала турган мелдеш 52-ирет уюшулуп жатат. Анда балбандар 8 салмактык бөлүктө (57 килограмм салмакта, 61 кг, 65 кг, 70 кг, 74 кг, 86 кг, 97 кг, 125 кг) намыс талашышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.  

“Кааба уулу Кожомкулдун жаркын элесине арналган мелдеш менен Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча мелдешти удаа уюштуруу менен күрөш сүйүүчүлөрүнө 4 күндүк майрам тартуулайлы дедик”,- деди кечээ, 5-июнда КРнын Эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев. Кошумчалай кетсек, кечээ Раатбек Санатбаевдин жаркын элесине арналган мелдеш салтанаттуу түрдө ачылган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан