Эл аралык футбол федерациясы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүү менен 4,5 миллиард доллар киреше табат

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун өткөрүү менен ФИФА (Эл аралык футбол федерациясы) 4,5 миллиард доллар киреше табат. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда чет элдик басылмалар ФИФАнын маалымат катчысы Жером Валькеге шилтеме берүү менен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ФИФАнын 2014-жылкы биринчиликти уюштуруусу 2 миллиард долларга турган. “Бразилияда мелдештин алдындагы маанай жакшы, бардыгы толук түрдө даяр. Курама командалар машыгуу үчүн мыкты жайлар менен камсыз болушту. Мелдештин алгачкы апталары кыйын болот. Бирок биз баарын көзөмөлгө алабыз”,- деп билдирген Вальке.

Кошумчалай кетсек, Жером Вальке буга чейин Бразилиянын көргөн даярдыгын сынга алып келген. “Натале”, “Порту-Алегри” жана “Сан-Паулу” стадиондору ФИФАнын баасы боюнча канааттандырарлык эмес деп бааланса, калган 9 спорттук арена татыктуу баага ээ болушкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurkasym-2014
2014-06-07 19:15:26
Дуйнолук чемпионатты КТРКА туз алып корсотобу,мага Кубан Атабековдун алып баруусунда болсо жакшы болот эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан