7-июнда Ошто жана Бишкекте футбол боюнча Кыргызстандын Кубогунун жарым финалынын алгачкы беттештери орун алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Лигасынын расмий сайты маалымдады.
Маалыматка ылайык, анда Ош шаарында “Алай” футболдук клубу канттык “Абдыш-Ата” менен кез келип, тең эсепте ойноду. Ал эми Бишкекте “Дордой” клубу “Алганы” утуп алды.
Жарым финалдык оюндардын жыйынтыгы:
Ош шаары. А.Сүйүнбаев атындагы стадион.
“Алай”-“Абдыш-Ата” – 0:0
Бишкек. “Дордой” спорт-комплекси.
“Дордой”-“Алга” – 2:1
Кошумчалай кетсек, бул командалардын ортосундагы жооптук оюндар 12-июнда өтөт.