Кечээ, 8-июнда Париж шаарында Франциянын теннис боюнча Ачык биринчилиги жыйынтыкталды. Чоң шлем түркүмүнө кирген 4 мелдештин бири болгон Франциянын биринчилигинде испаниялык Рафаэль Надаль (мырзалар арасында) менен орусиялык Мария Шарапова (айымдар арасында) жеңүүчү аталышты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.
Маалыматка ылайык, финалдык беттеште Рафаэль Надаль сербиялык Новак Жоковичтин үстүнөн жеңишке жетишсе (3:6, 7:5, 6:2, 6:4), Мария Шарапова финалда румыниялык Симона Халепти утту (6:4, 6:7 (5), 6:4).
Кошумчалай кетсек, бул жеңиш менен Рафаэль Надаль Франциянын Ачык чемпиондугун 9-ирет, ал эми жалпы Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештерди 14-ирет ута алды. Ал эми орусиялык теннисчи кыз М.Шарапова аталган мелдешти экинчи ирет, ал эми Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештерде 5-ирет жеңишке жетишти.