Жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда кыргызстандык балбандар 5 медаль тагынышты

Грек-рим күрөшү жана эркин күрөш боюнча Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда грек-рим күрөшү боюнча курама команда жалпы командалык эсепте 2-орунду ээледи. Ал эми эркин күрөш боюнча курам командалык эсепте 9-орунду ээледи. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча курам командалык эсепте Ирандан кийинки орунду ээледи. Алдынкы үчтүккө Казакстан илинди. Кыргызстандыктардан Эсен Асанов 74 килограмм салмакта күмүш медаль тагынса, Өскөнбай Абдупаттаев (55 кг), Нуржанбек Абдуганиев (66 кг) жана Үзүр Жузупбеков (96 кг) коло медалдарга татышты.

Эркин күрөш боюнча курама командадан Улукбек Жолдошбеков 55 килограмм салмакта алтын медаль тагынып, командалык эсепте Кыргызстанга 9-орунду алып келди.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nurkasym-2014
2014-06-09 12:15:38
Баракелде жигиттер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан