"Бишкек шаарындагы кафелердин биринен мас абалындагы милиция кызматкерлери кардарларга ок чыгарышкан" деген маалымат иликтенип жатат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 9-июнда билдирди.
Маалыматка караганда, азырынча ок чыгаргандардын милиция кызматкерлери экени тактала элек.
“Бул боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатат. Эгер ок чыгаргандар милиция кызматкерлери болушса, алар жазасын алышат. Учурда ал боюнча эч ким арыз менен милицияга кайрыла элек”,- деди ИИМдин басма сөз кызматынын башчысы Жоробай Абдраимов.
Айта кетсек, буга чейин “6-июндан 7-июнга караган түнү Бишкек шаарындагы кафелердин биринен мас абалындагы милиция кызматкерлери кардарларга ок чыгарышкан” деген маалымат тараган. Анда милиция кызматкерлери кафенин кардарларынын бири менен урушуп, андан соң тапанчадан ок чыгарышкан. Анын жыйынтыгында 3 адам ооруканага жеткирилгени айтылган.