Мушкер Мигель Котто атаандашы Серхио Мартинести нокаутка учуратып, чемпион аталды (фоторепортаж)

Пуэрторикалык мушкер Мигель Котто кечээ, 8-июнда Нью-Йорк шаарында аргентиналык Серхио Мартинес менен кез келип, мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетише алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мушкерлер WBC версиясы боюнча рингге чыгышып, 72 килограмм салмакка чейинки салмактык бөлүктө күч сынашышты. Беттеш курч мүнөздө башталып, Котто 1-раундда атаандашын 3 ирет нокдаунга учуратууга жетишти. Беттештин калган бөлүгүн Котто көзөмөлгө алганы менен, Мартинес 9-раундга чейин ишенимдүү беттеш алып барды. 9-раундда Мартинестин бутка туруусу кыйын болуп баштаганда Мартинес тарап беттешти токтотууга мажбур болду. Котто бул жеңиш менен Дүйнө чемпиону аталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан