Ош шаарынын спортчулары Казакстанда өтүүчү жеңил атлетика боюнча эл аралык мелдешке катышат. Мындай билдирүүнү 9-июнда мэриянын басма сөз кызматы таратты.
Маалым болгондой, 6-7-июнь күндөрү Бишкек шаарында "Москва-1980" Олимпиадасынын жеңүүчүсү Татьяна Колпакованын байгесине арналган эл аралык мелдеш өттү. Мелдештин жыйынтыгында Ош шаарынан барган 7 спортчу 13-15-июль күндөрү Казакстанда өтө турган мелдешке жолдомо алышты.