Айсулуу Тыныбекова Германиянын "Гран-Присинде" күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу, "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча “2013-жылдын супер спортчусу” наамынын ээси Айсулуу Тыныбекова Германиянын "Гран-Присинде" күмүш медаль тагынды. Кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча уюшулган мелдеш 8-июнда жыйынтыкталды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июнда кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков SUPER.KG порталына билдирди.  

Анын айтымында, мелдешке Айсулуу Тыныбекова (60 килограмм салмакта), Розалия Тилегенова (53) жана 17 жашка чейинки спортчулар арасында Мээрим Жуманазарова (56) аттанган. “Мелдешке 20 мамлекеттен 250дөн ашык спортчу катышты. Мээрим менен Розалия белгилүү себептерден улам байгелүү орундарга жетишкен жок. Айсулуу мелдеш алкагында 3 беттеш өткөрүп, алгач орусиялык жана азербайжандык кыздардын үстүнөн жеңишке жетишти. Финалдык беттеште калыстын туура эмес баалаганынан улам венгриялык кызга утулду”,- деди Нурбек мырза.

Ал кошумчалап өткөндөй, бул мелдешке кыз-келиндер курамы Азия оюндарына жана Дүйнө чемпиондугуна даярдык көрүү үчүн катышып кайтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
aikol87
2014-06-10 13:59:52
Жениши кут болсун. ийгилик коштоп журсун.
+1
Turadi
2014-06-10 14:26:37
Азамат ийгилик сага Айсулуу!
+1
aitowa11
2014-06-10 15:08:14
Молодец!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан