Германиянын Гран-Присине арналган эл аралык мелдеште 1 күмүш медаль утуп келген кыз-келиндер курама командасынын мүчөлөрү 1 апта ичинде сабактарын бүтүрүп, ден соолуктарын калыпка келтирип алып кайрадан машыгууну баштайт. Бул тууралуу кечээ, 10-июнда улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Нурбек Изабеков SUPER.KG порталына кабарлады.
Анын айтымында, июль айынын ортолорунда Азербайжандын Баку шаарында ири эл аралык мелдеш өтөт. “Август айында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна жана октябрь айында өтө турган Азия оюндарына болгон даярдык алкагында ушул эл аралык мелдешке катышабыз. Андан соң атайын машыгуу сборун өткөрүү планыбызда бар”,- дейт Нурбек мырза.