Бишкекте 3 өспүрүм "индиялык жаранды күч колдонуп тоногон" деп шектелишүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-июнда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Бишкек шаарында убактылуу жашаган Индия мамлекетинин 22 жаштагы Салалик аттуу жараны милиция бөлүмүнө кайрылып, Киев жана Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар күч колдонуп уюлдук телефонун жана акчасын тартып алышкандыгын кабарлаган.
Кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында шектүү катары Атай, Урмат, Илгис аттуу 17 жаштагы өспүрүмдөр кармалган. Иликтөө уланууда.