Эртең, 12-июнда Сан-Паулуда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземи болот. Бул жылы чемпиондук үчүн 32 команда ат салышмакчы. Учурда футбол сүйүүчүлөрү ар кандай жандыктардын, аюу, пил, торопой, жөргөмүштөрдүн жардамы менен төлгө тартып, чемпион болчу команданы алдын ала аныкташууда.
Алсак, 12-июнда орун алчу Бразилия-Хорватия мелдешинде "Бразилия" курама командасы жеңишке жетишерин деңиз таш бакасынын жардамы менен аныктап коюшту. Күйөрмандар суу ичине атайын дарбаза орнотуп, ага эки өлкөнүн желегин илип, астыларына таттуу нандын кесимин байлашкан. Алардын ою боюнча, таш бака кайсы желектин астындагы нанды жесе, мелдеште ошол команда жеңишке жетишет. Жыйынтыгында суу жандыгы Бразилиянын желегинин астындагы нанды жеген.
Белгилей кетсек, мындай төлгө тартуу көп жолу эле чындыкка дал келген экен. Алардын бири 2010-жылдагы Дүйнө чемпиондугунда немис океанариумунда жашаган Пауль аттуу осьминогдун жардамы менен салынган төлгө чын чыгып, Испания командасы чемпион аталган.