УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалында чечүүчү голдун автору Серхио Рамос жылына 10 миллион евро маяна алат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда чет элдик маалымат булактары кабарлады.
Маалыматка ылайык, Рамос маянасынын суммасы боюнча командада Криштиану Роналду (17 миллион) менен Гарет Бэйлден (10 миллион) кийин үчүнчү орунга чыкты. Серхио Рамос акыркы сезондо бир катар оюндарда команданын капитаны болуп чыкты жана УЕФАнын Чемпиондор Лигасында чечүүчү голдорду киргизди. Анын сезондогу акыркы голу “Атлетиконун” дарбазасына кирди. Анда ал оюн эсебин теңеп, команданы оюндун аяктаарына саналуу мүнөттөр калганда жеңилүүдөн сактап калган.