Таласта футбол ойноого жибербей койгону үчүн таятасын балталап салган 15 жаштагы бала күнөөсүн мойнуна алды

Таласта футбол ойноого жибербей койгону үчүн таятасын балталап салган 15 жаштагы бала күнөөсүн мойнуна алды. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 12-майында Талас ОИИБине Талас шаарындагы үйлөрдүн биринен адам өлүгү табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге укук коргоо кызматкерлери барып, каза тапкан адам 1951-жылы туулган Узак Молдокулов экенин аныкташкан. Бул тууралуу 10-июнда жеке маалымат булактарыбыз билдиришти. 

Маалыматты тактоо үчүн ИИМдин басма сөз кызматына байланышканыбызда, окуя тууралуу төмөнкүдөй маалымат беришти:

"Узак Молдокулов үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Талас шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Ал эми анын туугандары Талас ОИИБине 10-майда гана “18-апрелден бери жок” деп маалымат беришкен. 

Маалыматты каттоодон өткөрүп, издөө салгандан туура 2 күндөн кийин 12-майда короодо жайгашкан ороонун ичине түшкөн үйдүн келини Молдокуловдун шейшепке оролгон сөөгүн таап алган. Окуяга тиешелүү адамдарды суракка алышып, кылмышка шектүү катары маркумдун жээн-небереси, 1999-жылы туулган Санжар Сукешовду кармашкан. 

Ал кылмыш кылганын мойнуна алып, 22-апрелде таятасын 3 жолу балта менен башка чаап, андан кийин даярдап койгон бычагы менен бир нече ирет сайганын айткан. Таятасын өлтүрүшүнө эмне себеп болгонун сураганда аны менен көптөн бери урушуп жүргөнүн жана ошол күнү балдар менен футбол ойногонго жибербей койгонуна ачууланып өлтүргөнүн билдирген. 

Учурда 15 жаштагы Санжар Сукешовдун үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Сукешовго соттук-психологиялык экспертиза жүргүзүү учурунда анын эс-акылына эч кандай доо болбогону аныкталган".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
g.jumabekova
2014-06-11 18:07:47
Кудай сактай кор. Жашоо кай жака баратат.
0
oken02
2014-06-11 18:14:16
жеген акырына жайлаган акмак экен да эми
0
kama_future_millioner
2014-06-11 19:12:40
Кудай ар бир адамга ыйман бере кор
0
saltanat.
2014-06-11 19:15:20
Ушу футбол үчүн өлүп талып жибербей койгонуна жинденсе керек, футбол үчүн да ушунчага барса билбейм ай...
0
Lumia-800
2014-06-11 19:22:40
Байкуш киши жаш эле экенда. Камакта фудбол ойнойт эми.
+1
aikol87
2014-06-11 19:53:00
Бизде кичине бир нерсе болсо эле нервге шылтоолойбуз. Илгерки чон ата -энелерибизге тан берем, кандай нерви бышык болушкан.
0
kelechek.kg
2014-06-11 21:29:45
жээн эл болбойт деген ошода
+4
Kanat8427
2014-06-11 22:36:29
Небересинен ажал тапкан экенда, байкуш апасына кыйынго эми.
+1
toha2014
2014-06-12 06:32:50
jaiy jannattan bolsun.jaratkanym ar bir pendesine yiman ynsap bersin
0
Turadi
2014-06-12 09:53:00
ошондо 8-классттын окуучусу болобу? эми байкушту кандай келечек тосуп алат?
0
aza.kg007
2014-06-12 12:21:26
Бул кандай бала журок бар экенда мен тоок муздагандан корком!
0
aida2013
2014-06-12 14:12:27
кейиштуу тагдыр .........
0
Aikoo2014
2014-06-12 15:08:36
Тообо кылдым,бул бала адамбы деги. Болбогон нерсе экенго,эми Аллах жазасыз калтырбас. Ынсап берсин Аллахым ар пендеге.
0
samira.0907
2014-06-12 15:41:28
Кудай адамдар эмне болуп баратат.Аллахым жазасын берсин.
0
demo009
2014-06-12 23:09:03
Жазып болбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан