Футбол мекени Бразилияда бүгүн, 12-июнь түнү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу старт алат. 4 жылда бир өтүүчү биринчиликти көрүүгө ашыккандар арбын. Алардын катарында КРнын Кичи футбол ассоциациясынын президенти Канат Маматов да бар. Жакында УЕФАнын Чемпиондор Лигасын жандуу көрүп келген Канат мырза менен маек футбол тууралуу болду.
- Канат мырза, жакында УЕФАнын желеги астында өткөн Чемпиондор Лигасы менен Евролиганын финалын көрүп келиптирсиз. Кандай таасир алдыңыз?
- Ооба, Италиянын Турин шаарында Европа Лигасынын финалында Португалиянын "Бенфика" командасы менен Испаниянын "Севилья" командасынын беттешин көрдүм. Андан кийин Португалиядагы Чемпиондор Лигасынын финалына (ред. - мадриддик клубдар "Реал" менен “Атлетико” беттешти) бардым. Туринде да, Лиссабондо да командалардын күйөрмандары шаарга толуп, көчөлөрдө майрамдап, ырдап, оюнга даярданып жүрүштү. Бул эки оюнду көрүп, ал жактагы элдер үчүн футбол чоң мааниге ээ экенин көрдүм. Оюн убагында күйөрмандар отуруп оюн көрбөй эле кыйкырып, ырдап, командаларын колдошту. Алардын маданиятына баа бердим. Футбол алардын турмушунда чоң мааниге ээ болуп калыптыр.
- Оюнга чейин сиз дагы күйөрмандар менен аралашып жүрдүңүзбү?
- Биз оюнга чейин шаар кыдырып жүрдүк. Туура 2 саат калганда бизди автобуска салып стадионго алып киришти. Мен отурган жакта белгилүү италиялык футболчу Фабио Каннаваро да болду. Андыктан 2 саатта тажаган жокпуз, кызыктуу өттү.
- Болжолдуу түрдө 1 киши УЕФАнын Чемпиондор Лигасын көрүп келүүгө чөнтөгүнөн канча каражат коротот экен?
- Эгер убагында даярдансаң, чоң каражат деле сарптабайсың. Европага барып келген сумма 500 доллардын тегерегинде болсо, билет баасы 100-150 доллар.
- Европада болуп жаткан футболдук майрамдар биздин көчөдө качан болот?
- Майрам болуш үчүн көп иш аткарыш керек. Биздин командаларыбыз эл аралык мелдештерге катышып, ийгиликтерди жаратыш керек. Ал үчүн оюнчуларга, командаларыбызга жакшы шарттар түзүлүп, маянанын суммасы жогорулаш керек. Футбол мектептерин негиздеп, өнүктүрүү зарыл. Футболчу болом деген кичинекей мектептеги балага шаарда болобу же айылдабы, жок дегенде эң негизги шарттар болуш керек. Бизде азыр КРнын Футбол федерациясына жаңы жаш башкаруучулар келишти. Алар бир топ баркка ээ болуп калыптыр. Мен аны Лиссабонго барганда футбол ишмерлери менен баарлашканда баамдадым.
- Кыргызстандын кичи футбол ассоциациясынын президенти болуп шайландыңыз. Чет элдик кичи футбол менен биздин кичи футболубузда кандай айырма бар экен?
- Ушул сапарымда Азербайжандын Баку шаарында УЕФАнын Кичи футбол боюнча Кубогун жана Чехияда болгон кичи футбол боюнча Европанын чемпиондугун көрдүм. Байкаганым, командалар спорттук базалар менен, мыкты машыктыруучулар жана жогорку маяналар менен камсыз болушкан. Бизде оюнчулар үчүн андай шарт түзүлгөн эмес.
- Ал деңгээлге чыгыш үчүн эмне кылышыбыз керек ошондо?
- Кыргызстанда эл аралык мелдеш өткөрүүчү зал да жок. Мелдеш уюштурганда күйөрмандарды батыруу кыйын болот. Спорттук зал куруш керек. Каражат, жер маселелери боюнча ири шаарларыбыз Бишкек менен Оштун мэрлери ойлонушу керек. Зал курулуп калса, күрөш, бокс, футбол боюнча мелдештерди өткөрүү менен катар ижарага берип, концерт өткөрсө болот. Ижара акысын алып, курулуш иштерине короткон каражатты жапса болот. Негизи, биздин курама команда машыга турган залы да жок. Кыскасы, маселе көп. Учурда каражат, демөөрчү издеп жатабыз.
- Эми өзүңүздүн футболго келип калганыңыз тууралуу айтып берсеңиз...
- 3-класстан баштап футбол менен машыгып баштагам. Мектепти бүткөндөн кийин Оштун “Алай”, “Динамо” командаларында, куршабдык “Алдиерде” ойногом. Кийин Индияга окууга барып калдым. 2 жыл Индиянын Жогорку Лигасында профессионалдар арасында ойнодум. Келгенде кичи футболго ыктап кеттим. Жаш өткөн сайын чуркоо да кыйын болот. Анан ардагерлер лигасына “Абдыш-Ата” жана “Топ Юнайтед” командаларынын курамында катышып жүрдүм. Бул лигада 60 жашка чейин ойной берсе болот. Учурда мен 1 жылдык тыныгууга чыктым.
- Бразилияда өтүүчү Дүйнө чемпиондугу эшик кагып турат. Барууну пландаган жоксузбу?
- Жок. Мен Европада көп жүрүп койдум. Иштер топтолуп калыптыр. Иш токтоп калбасын деп Бразилияны токтотуп турдум. Кийинкисине барам (күлүп).
- 4 жылда бир өтүүчү Дүйнө чемпиондугунда кимге жан тартасыз, кандай ойлор бар?
- 32 күчтүү курама команданын катышуусунда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычы башталганы турат. Ушул баскычка жеткен команданын баары күчтүү. Андыктан бул же тиги өлкөнүн командасы күчтүү же алсыз экенин айтуу кыйын. Менин оюмча, Испания, Германия, Аргентина жана Бразилия командаларынын бири чемпион болот. Өзүм Испаниянын күйөрманымын. Ошол эле кезекте Орусия ыргып кеткиче ага күйөрмандык кылам. Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугун 90-жылдардан кийин көрүп баштагам. 4 жылдан бери бул күндү да күткөм.
Кошумчалай кетсек, Канат Маматов "Супер-Инфо" гезити тарабынан уюшулган "Суперфутбол-2014" футболдук мелдешине өзүнүн командасы менен катышып келген. Канат мырза менен чогуу футбол ойногон кыздардын оюнунда өнүгүү болгонун биз мелдеш алкагында көрө алганбыз.