Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктун алдында футбол фанаты Мессинин бутунан өбүүгө жетишти

Футбол боюнча Дүйнөлүк чемпиондуктун алдындагы Аргентина жана Бразилия командаларынын машыгуу учурунда 10 чакты күйөрман кой-айга келбей оюн талаасына чуркап чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 12-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, алардын бири Лионель Мессинин алдына чөгөлөп, анын бут кийимин тазалап, бутунан өөп кирген. Анын бул жоругуна күлкүсү келген футболчу аны кучактап, ага футболкасын белекке берди. Мындан соң ашынган күйөрманды күзөтчүлөр оюн талаасынан чыгарып кетишкен. Футболчулар менен кошо топ кубалап кеткен башка күйөрмандар да оюн талаасынан чыгарылган. 

Алдын ала айтылган маалыматтарга таянсак, бул чемпиондукта Аргентина командасын 50 миңден ашык күйөрман колдойт. 

Белгилей кетсек, Лионель Месси Американын "Forbes" журналынын тандоосу боюнча эң көп акча төлөнүүчү 5 спортчунун катарына кирет. Өткөн жылы ал 64,7 миллион доллар киреше тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
AZIK01
2014-06-12 12:24:08
Энесин бутун өппөгөн болсо керек, футболистин бутун өөп жүрөт. Баардык нерсенин чек арасы болуш керек. Тообо!
Безумный фанат.
+3
Kanat8427
2014-06-12 12:46:36
Кызык адамдар копда ))
0
nur1996
2014-06-12 19:45:29
Месси азамат бирок ... !!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан