Кечээ, 11-июнда Кыргызстандын футбол боюнча биринчилиги – ТОП-Лиганын кезектеги тур оюндарынын алкагында бишкектик клубдар “Дордой” менен “Алга” кез келип, “Дордой” утуп алды. 2:0 эсебинде жыйынтыкталган беттеште лидерлик сапка “Дордой” чыкты.
11-июндагы оюндардын жыйынтыгы:
“Ала-Тоо” (Нарын) – “Абдыш-Ата” (Кант) – 1:3
“Дордой” (Бишкек) – “Алга” (Бишкек) – 2:0
“Нефтичи” (Кочкор-Ата) – “Алай” (Ош) – 0:2
Мелдеш жадыбалы:
1-орун. “Дордой” 9 оюн 24 упай
2-орун. “Абдыш-Ата” 9 оюн 22 упай
3-орун. “Алга” 10 оюн 22 упай