Милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын 20 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз адам үйүнө кирип, баалуу буюмдарын уурдап кеткенин айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 21 жаштагы Даулет, 20 жаштагы Тимурлан кармалды. Алардын мындан башка дагы уурулук фактыларына тиешелери бар экендиги аныкталууда. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-июнда билдирди.