Футбол боюнча Кыргызстан улуттук курама командасынын машыктыруучусунун милдетин Мирлан Эшенов аткарат. Бул тууралуу кечээ, 11-июнда КРнын Футбол федерациясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Футбол федерациясынын аткаруу комитетинин 6-июндагы отурумунда чыгарылган. Мурунку башкы машыктыруучу Сергей Дворянковдун кызматынан бошотулуусуна курама команданын АФКнын Чакырык Кубогунда ийгиликсиз оюн көрсөткөнү жана келишимдин жыйынтыкталганы себеп болгон.
Кошумчалай кетсек, Мирлан Эшенов учурда канттык “Абдыш-Атанын” жана Кыргызстандын жаштар курама командасынын башкы машыктыруучусу.