Мирослав Клозе: “Дүйнө чемпиондугунун мыкты бомбардири катары тарыхта калуу мен үчүн маанилүү”

Германия курама командасынын чабуулчусу Мирослав Клозе 2 гол киргизип, Дүйнө чемпиондугунун тарыхында киргизген голдордун саны боюнча жаңы рекорд коё турган болсо, кайталангыс жетишкендик болорун бүгүн, 12-июнда чет элдик маалымат булактарына билдирди. Азыр Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычында киргизген голдордун саны боюнча рекорд ээси - бразилиялык Роналдо (15 гол).

“Роналдонун рекордунан ашып түшүү – фантастика. Мени билгендер мен үчүн Дүйнө чемпиондугунун тарыхында эң көп гол киргизген футболчу катары тарыхта канчалык маанилүү экенин жакшы билишет”,- дейт футболчу.

Кошумчалай кетсек, Мирослав Клозенин карамагында 14 гол, ал эми рекорд ээси Роналдонун эсебинде 15 гол бар. Бул жаатта тизме төмөнкүчө:

Дүйнө чемпиондугунун тарыхындагы мыкты бомбардирлер:

15 гол – Роналдо (Бразилия)

14 гол – Мирослав Клозе (Германия)

14 гол – Герд Мюллер (Германия)

13 гол – Жюст Фонтен (Франция)

12 гол – Пеле (Бразилия)   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
rukopaWnik
2014-06-12 20:40:27
ийгилик каалайм клозе сага албетте гол урушуңду күтүп жырөм төрт жылдан бери !
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан