Бразилияда жүргөн Аскар Салымбеков: “Бразилияда ыр-бий өнөрлөрү өзүнчө бир дүйнө”

Бразилия алдыдагы 1 айга чукул убакыт аралыгында дүйнө элинин көңүлүн өзүнө бурдурмакчы. Бул өлкөдө өтүүчү Дүйнө чемпиондугуна аттанган миллиондордун катарында белгилүү футбол сүйүүчүсү Аскар Салымбеков да бар. Учурда Бразилияда жүргөн Аскар мырза SUPER.KG порталынын футбол тууралуу узаткан суроолоруна жооп узатты.

- Аскар мырза, Бразилияга футболго жандуу күбө болуу үчүн аттанганыңыз сыр эмес. Өлкөнүн Дүйнө чемпиондугуна болгон даярдыгын кандай бааладыңыз?

- Эми Бразилиянын калкы футбол менен жашайт эмеспи, элдин маанайы өтө жогору экен. Алар күйөрмандык кылуунун жогорку маданиятын өздөштүргөн калк. Даярдык да мыкты болуптур. 12 стадионду кайра куруп чыгышты. Андан тышкары 170 миңден ашык коопсуздук кызматкерин ишке тартышыптыр.

- Убакытты кандай бөлүштүрүп, эмне кылып өткөрөсүз?

- Азыр ачылыш аземи үчүн даярдалган программага жандуу күбө болуу үчүн азем боло турган стадионго жөнөп баратам. Алардын футболго байланыштуу уюштурган шоусу, ырдап, бийлегендери өзүнчө бир дүйнө. Бүгүн атайын конгресске катыштык. Шаар кыдырууга да убакыт табабыз.

- Саналуу убакыттардан кийин Бразилия менен Хорватия командалары кез келет. Оюн боюнча пикириңиз кандай?

- Бразилия өз үйүндө Дүйнө чемпиондугун акыркы жолу 1950-жылы өткөргөн. Анда финалдык беттеште Уругвайга уттуруп жиберип, өз үйүндө кубоктон куру калган. Бул жолу болсо Бразилия курама командасынын алдына коюлган бир гана тапшырма бар: мелдешти утуш керек. Бул тапшырманы аткаруу үчүн оюнчулар алгачкы оюндан тарта жеңишке жетүүгө тийиш. Мен ойлоп турам, Бразилия жеңет.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
nurik838383
2014-06-12 23:48:00
Акчан болсо ушуда
+4
RUSLAN.KG
2014-06-13 00:19:25
Мисалы, Россиянын уч оюнун кором десен, бир адамга жок дегенде 200 000 рубль кетет. Риого авиабилет 60 000 минден башталат. Эн арзан жатаканалар суткасын 1500-2000 рубль. Тамак- аш, жол киреге дагы 25 000 - 30 000 р. Билеттер 10 000 ден башталат.
+1
skromnica-1
2014-06-13 00:31:25
Абдан сыйлайм жердеш байкемди..коп жашаныз Аскар Салымбекович
0
raimzhanov81
2014-06-13 00:41:50
буларга бары бир да эл менен чатагы да жок.оздору жыргаса болду да.
0
Surduu
2014-06-13 11:34:05
raimzhanov81,
Өткөзүп койгондой жаздын го. Бул деле башында карапайым адам болчу. Иштеп, аракет кылып эң бай адамга айланды. Бизге ким тоскоол болуп жатат, байып Бразилияга барганга?
Азамат Аскар Салымбеков, ийгилик! Бизге базарлык ала келиңиз.
+2
Zhanybek88
2014-06-13 00:57:05
Аскар Салымбековтой бай болсом мен дагы бармакмын
+4
kupipro100
2014-06-13 04:19:40
Бразилия 3 : 1 Хорватия мен досум менен мелдештим эле 1000рубль утуп алдым Бразилия жеңди ураа!!!
+1
tenshi
2014-06-13 06:03:11
Неймааааар автор двух голов
0
nurkasym-2014
2014-06-13 07:33:06
Мен Бразилияга болейт эттем. Башы жакшы буюрса команда финалга жетет.
-2
ishen
2014-06-13 11:33:34
Германия же Испания Чемпион болот!! Каятагы Бразилияны айтпай. Бразилия азыр мурункудай жакшы деле ойной албайт экен.
+2
Мэри
2014-06-13 12:14:10
"Башы оорубагандын Кудай менен иши жок", "ары жок күлкүчү, санаасы жок уйкучу"...
+2
Beko87
2014-06-14 04:36:14
эми твнан коруп калган акчасын элге бирдеме куруп берсе мынданда жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан