Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алгачкы оюну Бразилиянын 3:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады (фоторепортаж)

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун алгачкы оюну Бразилиянын 3:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктады. Алдын ала айтылган божомолдор ордунан чыгып, үй ээси өз ысымына алгачкы 3 упайды жаза алды.  

Үй ээлери оюндун 1-таймында өз оюнун табууда бир топ кыйналышты. Каршы чабуулда оюн алып барган Хорватия курама командасы оюндун алгачкы мүнөттөрүндө кооптуу чабуулдардын натыйжасында эсеп айырмачылыгында алдыга озуп чыкты. Бирок оюнда баштан-аяк топту көзөмөлүндө кармаган бразилиялыктар алгач эсеп катыштыгына тең салмактуулук алып келсе, бир топ убакыттан соң алдыга чыга алды. Бразилиянын курамынан Неймар лидерлик сапатын көргөзүп, бардык чабуулдарды уюштуруу менен катар стандарттык абалдарда топту оюнга киргизүү милдетин моюнуна алды. Бул көрүнүш көптөгөн адистердин “Бразилиянын ийгилиги Неймардын оюнунан көз каранды” деген кептин аныгына жетүүгө алып келди десек болот.  

БРАЗИЛИЯ-ХОРВАТИЯ – 3:1

Голдор: Марсело (11-мүнөттө өз дарбазасына), Неймар (29-мүнөт), Неймар (71-мүнөт, пенальтиден), Оскар (90+1) 

 

Бразилия-2014: Бразилия-Хорватия 3:1
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ayakosya
2014-06-13 06:57:14
Билгем ушундай болорун. Неймар азамат. Бразилия чемпион.
-1
Kudi
2014-06-13 07:42:16
Вой азаматтар
-1
realliver
2014-06-13 07:46:23
Бразилия кечээкидей оюну менен чемпион боло албайт
-1
nuris208
2014-06-13 08:41:54
бразилия баштаганда эле 1гол подарка кылышы мындай айтканда. Оскар Неймар азаматтар. Баарыдык 4 голду Бразилиялыктар жаратты
-1
dastan_nookat
2014-06-13 12:31:12
Бразилия-Чемпион!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан