Кечээ болгон Бразилия-Хорватия беттешиндеги калыстын катасы боюнча талкуу азыркыга чейин басаңдай элек. “Жок жерден пенальти бердирип, калысты убара кылбай, балким, Бразилияга чемпиондук кубокту дароо тапшырабыз?” дешти нааразы болгон хорваттар. Социалдык тармактарда, эки кишинин башы бириккен жерде калыс сөз болууда. Талкуунун курчтугун мындан байкаңыз, 2010-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында ойногон Испания менен Голландиянын бүгүнкү беттешери да анча капарга алынбагандай.
Көңүлүңүздөрдү бүгүн боло турган 3 оюндун эң көрүнүктүүсүнө бурууга аракет кылабыз, достор. Ооба, Голландия 2010-жылы финалдык беттеште Испанияга 1:0 эсебинде утулуп, футболчулар шолоктоп ыйлагандан башка арга табышкан эмес. Бүгүнкү оюнда да 4 жыл мурункудай эле Испания жеңишке башкы талапкер болууда. Ушул түнү дүйнөнүн учурдагы чемпиону менен учурдагы вице-чемпиону эч болбосо тайпадан ким биринчи чыгарын аныкташат. Анткени бул тайпада орун алган Австралия менен Чилинин тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү айтылган эмес, алдыда да айтылары шек жаратат.
Бүгүн жалпысынан 3 оюн болот. Алгач “А” тайпасында орун алган командалар беттешсе, андан соң “В” тайпасындагы командалар өз ара оюн өткөрүшөт.
Оюндар:
“А” тайпасы. МЕКСИКА-КАМЕРУН
Натал шаары. “Арена дас Дунас” стадиону
Башталышы – 22:00 (Бишкек сааты менен)
Калыс: Вильмар Рольдан (Колумбия)
“В” тайпасы. ИСПАНИЯ-ГОЛЛАНДИЯ
Салвадор шаары. “Фонте-Нова” стадиону
Башталышы - 01:00 (Бишкек сааты менен)
Калыс: Никола Риццоли (Италия)
ЧИЛИ – АВСТРАЛИЯ
Куяба шаары. “Арена Пантанал” стадиону
Башталышы - 04:00 (Бишкек сааты менен)
Калыс: Нумандьез Дуэ (Кот-д`Ивуар)