Бразилия, Дүйнө чемпиондугу: Мексика атаандашы Камерунду минималдуу эсепте утуп, 3 упайга ээ болду

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун алкагында бүгүн, 13-июнда «А» тайпасынын өкүлдөрү Мексика менен Камерун кез келди. Натыйжада 1 гана гол айырмачылыгында утуп, 3 упай ээси Мексика курама командасы болду.

Оюн тең салмактуу башталды. Каршы дарбазаларга алмак-салмак чабуул уюштурган командалардан Мексиканын чабуулдары көбүрөөк ийгиликтүү чыгып жатты. “Ацтектер” каршылаш команданын дарбазасына 2 гол киргизүүгө үлгүрүштү. Бирок калыс эки кырдаалда тең оюн эрежеси бузулганын айтып, голдорду эсепке алган жок.   

Кошумчалай кетсек, “А” тайпасында Бразилия курама командасы менен Мексика курама командасы өз эсептерине үчтөн упай жаза алышты.  

Мексика - Камерун – 1:0

Гол: Перальта (61-мүнөт) 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
lotte
2014-06-14 14:09:12
Джовани дос Сантостун киргизген 2 таза голдорун алып коюшту. Негизинен эле алгачкы оюндарда калыстардын кетирген каталары коп болуп атат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан