Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун экинчи гана күнү өтүп жатат. Кечээ, 14-июнь түнү Голландия курама командасы Испания менен беттешип, 2010-жылдагы жеңилүүнүн реваншын толук алды десек болот. Себеби 1:0 эсебинде утулуу менен баштаган голландиялыктар оюндун калган бөлүгүндө 5 гол киргизип, ири жеңиш камсыздашты. Ал эми ушул эле “В” тайпасында орун алган Чили менен Австралиянын ортосундагы оюн 3:1 эсебинде жыйынтыкталды.
Испания-Голландия – 1:5
Голдор: Хаби Алонсо (27-мүнөт, пенальтиден), Робин ван Перси (44-мүнөт), Арьен Роббен (52-мүнөт), де Врей (64-мүнөт), Робин ван Перси (72-мүнөт), Арьен Роббен (80-мүнөт).
Чили-Австралия – 3:1
Голдор: Санчес (12-мүнөт), Вальдивия (14-мүнөт), Кэхилл (35-мүнөт), Босежур (90-мүнөт)