ФИФАнын расмий сайты кабарлагандай, Бразилияда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун 1-тур оюндарынын алкагында “Е” тайпасында орун ала турган Швейцария-Эквадор оюнунда өзбекстандык калыс Равшан Ирматов калыстык милдетти аткарат. Р.Ирматовдун бригадасынын мүчөсү, кыргызстандык Бахадыр Кочкаров да ушул күнү калыстык милдетти аткарат.
Кошумчалай кетсек, беттеш 15-июнь күнү Бразилиа шаарындагы “Борбордук” деп аталган стадиондо өтөт. Оюн Бишкек сааты боюнча 22:00дө орун алат.