Бразилия, Дүйнө чемпиондугу: Колумбия курамасы Европанын өкүлү Грецияны ири эсепте утту

Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугу кызыктарды элдин назарына коюуну улантууда. Күн сайын ири эсептер катталып, футбол сүйүүчүлөрү жетиштүү рахатка бөлөнүүдө.

Бүгүн, 15-июнь күнү “С” тайпасында Колумбия – Греция курамдары кез келип, оюн өткөн “Минейран” стадионунда 3 гол катталды. Латын Америкасынын өкүлү болгон Колумбия Европанын Греция курамасына үй ээси ким экенин жетиштүү деңгээлде тааныткандай болду. Оюнда колумбиялыктар жогорку чеберчилиги, ылдамдыгы жана мыкты уюшкандыгы менен айырмаланып турушту. Ал эми 1-тур оюндарында Греция өз эсебине гол жаза алган жок.

КОЛУМБИЯ-ГРЕЦИЯ – 3:0

Голдор: Армеро (6-мүнөт), Гутьеррес (58-мүнөт), Хамес Родригес (90+3).

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндүн эсебинен дагы мыкты командалар ойношот. Бүгүнкү күндүн башкы беттеши Италия жана Англия курама командаларынын ортосунда болорун да айта кетели. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_superstan
2014-06-15 15:43:45
ayakosya, moinok, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек. Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан