Бразилия, Дүйнө чемпиондугу: Бүгүн майдандан Лионель Месси менен кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаровду көрүүгө болот

Бүгүн, 15-июнда Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун алкагында “Е” жана “F” тайпаларында дагы 3 беттеш орун алат. Бул күнү майдандан дүйнөнүн мыкты футболчуларынын бири Лионель Месси баштаган Аргентина курама командасынын жана Риберисиз ойной турган (жаракатынан улам ойнобойт) Франция курамасынын оюнуна күбө боло алабыз. Андан тышкары майдандан өзбекстандык башкы калыс Равшан Ирматовдун бригадасынын курамында майданга чыга турган кыргызстандык калыс Бахадыр Кочкаровду көрө алабыз.

Оюндар:

“Е” тайпасы

Сааты: 22:00 (Бишкек сааты менен)

Оюн: Швейцария - Эквадор

Стадион: Бразилиа шаары, “Улуттук” стадиону

Калыс: Равшан Ирматов (Өзбекстан)

 

Сааты: 01:00 (Бишкек сааты менен)

Оюн: Франция - Гондурас

Стадион: Порту-Алегри шаары, “Бейра-Рио” стадиону

Калыс: Сандро Риччи (Бразилия)

 

F” тайпасы

Сааты: 04:00 (Бишкек сааты менен)

Оюн: Аргентина - Босния

Стадион: Рио-де-Жанейро шаары, “Маракана” стадиону  

Калыс: Хоэль Агилар (Салвадор) 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
kama_future_millioner
2014-06-15 21:52:08
Азаматсынар
+1
Aisanat
2014-06-15 23:46:31
Азыр еле кыргызтандык деп теледен Еквадор менен швецариянын беттешинде кулагым чалып калып ким болду екен деп кызыгып аттым еле.
0
KARL.MARKS
2014-06-16 00:07:13
Оо Месси...
0
Kara-kulzha
2014-06-16 01:52:44
месси азамат мен сага болейтетем
0
nazira1989
2014-06-16 10:50:24
Сыймыктанып отурам.Жер шарынын ар жак бетинде, болгондо да футбол боюнча дуйнолук мелдеште КЫРГЫЗСТАН деп айтылып жатканына.))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан