Учурда Бразилиядагы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычынын алкагында “Е” тайпасынын командалары кез келүүдө. Бул тайпадагы алгачкы оюн болгон Швейцария-Эквадор беттешин башкы калыс Равшан Ирматов кыргызстандык жардамчы калыс Бахадыр Кочкаров менен биргеликте тейледи.
Оюн курч мүнөздө башталып, алгач Эквадордун футболчулары оюн эсебин ачышты. Бул голдон кийин өзүн толук жыйнаган швейцариялыктар арты-артынан чабуул уюштуруп жатышты. Оюндун экинчи бөлүгүндө эсеп теңелсе, негизги убакытка кошулуп берилген 3 мүнөт ичинде европалыктар жеңиш голун киргизе алышты.
Швейцария – Эквадор – 2:1
Голдор: Э.Валенсия (22-мүнөт), Мехмеди (48-мүнөт), Сеферович (90+3).