17-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү жана дарыяларда суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 16-июнда билдирди.
Буга байланыштуу ири өлчөмдөгү өзгөчө кырдаалдар менен адамдардын өлүмүнө жеткирбөө, материалдык чыгымдарды азайтуу жана өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү даярдыгы күчөтүлүүдө.