15-июндан 16-июнга караган түнү “Е” жана “F” тайпаларында Аргентина жана Франция курамаларынын катышуусундагы 2 мыкты беттеш болду. Мындан туура 8 жыл мурун Дүйнө чемпиондугунда финалга чыккан франциялыктар Гондурас курама командасы менен кез келсе, Аргентина Босния курамасын утуп алды. Адистердин бул эки ири команданын жеңишке жетишерин баса белгилегенин эске салсак, бул оюндарда эч кандай сюрприз катталган жок.
Көпчүлүктүн көңүл борборунда болгон аргентиналык Лионель Месси менен франциялык Карим Бензема өз эсептерине гол жаза алышты.
Оюндардын жыйынтыктары:
ФРАНЦИЯ - ГОНДУРАС – 3:0
Голдор: Бензема (45-мүнөт, пенальтиден), Вальядарес (48-мүнөт, өз дарбазасына), Бензема (72-мүнөт).
АРГЕНТИНА - БОСНИЯ – 2:1
Голдор: Колашинац (3-мүнөт, өз дарбазасына), Месси (65-мүнөт), Ибишевич (85-мүнөт).