Бүгүн, 16-июнда орун алган маалымат жыйынында WAKO-PRO версиясы боюнча Дүйнө чемпиону наамы үчүн беттеш өткөрүү алдында турган Алексей Федосеев менен атаандашы Эмерсон Фалькао өз ойлору менен бөлүштү.
“Мен бул деңгээлге жетүү үчүн көп убакыт короттум. Беттешти өз үйүмдө өткөрүп жатам жана чемпиондук беттеште уят болбойм. Даярдык, маанай, баары жайында”,- деди А.Федосеев. Ал эми анын атаандашы Э.Фалькао болсо бул чемпиондукту кичинесинен бери кыялданып келгенин жана жеңиш үчүн баарын жасоого даяр экенин кошумчалады.
Кошумчалай кетсек, бул чемпиондук наам буга чейин бош болуп келген. Эгер чемпиондук наамдын ээси 6 ай ичинде чемпиондукка талапкерлердин тарабы менен макулдашып, беттеш өткөрбөсө, наам федерация тарабынан тартылып алынат.