5 айдан ашык убакыт бою комада жаткан германиялык автожарышчы Михаэль Шумахер комадан чыкты. Мындай маалыматты бүгүн, 16-июнда чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Расмий маалыматта “Михаэль эсине келип, физикалык калыптануу үчүн ооруканадан чыгарылды. Анын үй-бүлөсү ушул убакыт аралыгында жардам көрсөткөн бардык дарыгерлерге, окуя катталган жерде тез жардам көрсөткөн адамдарга ыраазычылык билдирет” деп жазылат.
Кошумчалай кетсек, автожарыштын "Формула-1" сериясы боюнча өтүүчү Дүйнө чемпиондугунун 7 жолку чемпиону М.Шумахер 2013-жылдын декабрь айында тоодо лыжа тээп жүргөн жеринен жыгылып, комага түшүп калган. Бүгүнкү күнгө чейин спортчу эсине келген эмес жана бир катар операцияларды башынан өткөргөн.